• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чоң-Алайда жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 27-май /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай районунда 27-майда 01:09да жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

КР УИА Сейсмология институтунун маалыматында, жер титирөөнүн күчү очогунда 5 баллга жеткен.

Силкинүүнүн борбору Тажикстандын аймагында жайгашкан.

Жер титирөө Кыргызстандын Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык айылдарында 4 балл, Шибээ айылында 3,5 балл, Кулчу, Чак, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында 3 балл болду.

Ошондой эле, бүгүн 07:53тө кыргыз-тажик чек арасында дагы 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жапа чеккендер жана курмандыктар жок.

Пикир

Оставить комментарий