• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чоң-Алайда жол кырсыктарын алдын алуу максатында иш-чаралар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай районунда жол кырсыктарын алдын алуу максатында иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Чоң-Алай районунун аймагындагы жол кырсыктарын, анын ичинен мал жандыктарынын катышуусу менен байланышкан жол кырсыктарын алдын алуу багытында райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош – Чоң-Алай унаа жолунун айланасындагы жайылып жүргөн малдардын ээлерине кечинде бош кое бербей, малдарды байлап, тушап туруу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан тышкары, райондун аймагында каттаган коомдук транспорт жана эл ташыган такси кызматын көрсөткөн жеңил автоунаалардын айдоочулары жана жүргүнчү ташуучу шаар аралык каттамдарда каттаган жоопкерчилиги чектелген уюмдардын айдоочуларынын катышуусу менен жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, карама-каршы тилкеге чыкпоо жана түнкү убакытта өтө сак болуулары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий