• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандардын балдары жайкы эс алууга барат

Аймак 0

Бишкек, 6- июнь /Кабар/. Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөрдөн жайкы эс алууга 60 бала жөнөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Мындай чечим Чоң-Алай районундагы май айында болгон жер титирөөдө жабыркагандардын балдарынын иштери боюнча комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө арналган атайын план иштелип чыгып, ага ылайык аларга учурунда медициналык жана социалдык жардам көрсөтүлмөкчү.

Эскерте кетсек, 3-5майга чейин Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагында күчү 5-9 жана 5-8 баллга жеткен жер титирөө катталып, ондогон үйлөр жарактан чыккан.

Пикир

Оставить комментарий