• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чоң-Алайдагы жер титирөөдө жабыркагандарга 340 миң доллар жардам берилет

Аймак 0

Бишкек, 28-июнь /Кабар/. Швейцария өнүктүрүү жана кызматташтык башкармалыгы, Ага Хан Фонду жана КРдагы Хельветас Свисс Интеркооперейшн 2017-жылдын майында Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүүдө биригишти. Бул тууралуу КРдагы Швейцария элчилиги билдирди.

Үч уюм жалпысынан 340 миң долларды аталган аймакта табигый кырсыктан жапа чеккендерди турак жай менен камсыздоого, жергиликтүү курулушчуларды сейсмикалык аймакта куруу ченемдерине жана техникаларына окутууга, турак жай, жер жана мүлк укуктарын коргоо боюнча юридикалык жардам көрсөтүүгө жумшашат. Швейцария өнүктүрүү жана кызматташтык башкармалыгы 240 миң швейцария франкын, Ага Хан Фонду – 50 миң доллар, Хельветас – 40 миң швейцария франкын бөлүштүрөт.

“Швейцариянын үйлөрдү калыбына келтирүүгө кошкон салымы – Швейцариянын Чоң-Алай элине тилектештигинин белгиси”, - деди Швейцариянын КРдагы элчиси Ренэ Холенштайн.

Иштер Кыргызстандагы Техникалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттиги жана тоолуу аймактарды колдоону өнүктүрүү Программасы тарабынан, КР ӨКМ, Чоң-Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жана Жекенди айыл өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 3 жана 5-майында түндүк Тажикстанда 5,8 баллга жеткен жер титиреп, 4-6 баллга чейин Кыргызстандын Чоң-Алай районунун көпчүлүк айылдарында сезилген. КР ӨКМ маалыматы боюнча ар кандай даражада 1000 турак үй, 3 оорукана, 1 ҮМБ жана мектеп кыйроого учураган.

Пикир

Оставить комментарий