• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чоң-Алайдын Карамык жерлигиндеги атышуу токтоду. Тараптардын жолугушуусу күтүлүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-сентябрда саат 21:00дө чек аранын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Саат 19:00дө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык жерлигиндеги кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылоо токтотулду.

Саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу "Гулистон" өткөрмө бекетинде өткөрүү пландаштырылган.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий