• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапа чеккендерге 13 млн сом топтолду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Кыргызстандын түштүк аймагындагы жер титирөөдөн жабыркаган 610 турак жай таптакыр жараксыз болуп калды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊеште май айындагы Чоӊ-Алай жергесинде болгон табигый кырсыктын кесепетин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Министрдин айтымында, ушу тапта үй-жайсыз калган адамдар чатырларга жайгаштырылып, азык-түлүк жана курулуш материалдары менен өз баасында камсыз кылынууда. Ал эми азыр айрым турак жайлардын пайдубалы түптөлүп калганын, каржылоо маселеси чечилип жатканын, Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы өз турак жайын камсыздандырган 25 кардарга 5 млн 89 миӊ сом өлчөмүндө каражат төлөнүп бергенин кошумчалады.

Кырсык болгон жерде көчмө бейтапкана ачылып, жарандарга медициналык жардам көрсөтүлгөнү, жумушсуз калган жергиликтүү тургундар кабылына келтирүү жумуштарына тартылып, аларга маяна төлөнгөнү, жер титиреген аймактагы мектеп окуучуларынын жайкы эс алуусуна 5 млн сом бөлүнүп берилген. Министр атайын банк эсебине 13 млн 869 миӊ сом өлчөмүндө каражат топтолгонун айтты.

Бир катар депутаттар табигый кырсыктын алдыналуу чараларын күчөтүү, табигый кырсык боло турган жерде жашаган адамдарды ыкчам кабардар кылуу зарылдыгын белгилешти.

«Кырсыктын алдыналуу чаралары катары Бишкек шаарында 30, Ош шаарында 10, Каракол шаарында 4 телеканалды камтуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнү белгилүү болду. «Андан сырткары, Дүйнөлүк банк менен бирге кырсык боло турган жерде жашаган адамдарды ыкчам кабардар кылуу боюнча 3 млн долларлык долбоор иштелип чыкты», - дейт министр.

Андан тышкары, депутаттар тарабынан мамлекеттик окуу жайлар салыктан бошотулганын эске салып, табигый кырсыктан жапа тарткан үй-бүлөлөрдөгү студенттерди жаӊы окуу жылында окуу төлөмдөрүнөн бошотуу маселеси көтөрүлдү. Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү жогорку окуу жайларынын жетекчилерине ушундай өтүнүч-кат жөнөтүлгөнүн билдирди.

Белгилей кетсек, комиссиянын жеринен текшерүү жыйынтыгында Чоӊ-Алай жергесиндеги жер титирөөнүн кесепетинен 609 турак жай 4 категорияда, 9 үй 5 кактегорияда жабыркаган деп табылып, аларды бузуу керек деген чечим кабыл алынган. Ушул кезге чейин райондун 192 тугуну өз турак дайларын камсыздандырган, анын ичинде 25 жарандын үйү жараксыз болду.

Жайынтыгында аталган маселе боюнча Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынып, Өкмөткө жана мамлекеттик органдар менен мекемелерге табигый кырсыктын кесепетин жоюу жаатында тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий