• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чоң-Алай районунун ардагери А.Амитов: Чоң-Алай С.Жээнбековго добуш берет

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 18.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков өзүнүн үгүт кампаниясынын алкагында Ош облусунунЧоң-Алай районунун шайлоочулары менен жолугушту.

Жолугушууда сөз сүйлөгөн райондун ардагери Абдилла Амитов Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп тургандаЧоң-Алайга бир нече жолу келип кеткенин жана район жаратылыш кырсыктарга кабылганда тез арада социалдык объектилерди куруп баштоо тапшырмасын бергенин белгиледи. “Ал Кара-Тейиттеги мектептин, Карамыктагы оорукананын, Жекенди айылындагы эки кабаттуу оорукананын, Шибээ айылындагы мектептин курулушун көзөмөлгө алган”, - деп белгиледи ардагер.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков өзү тоолуу, алыскы райондон чыккан жана аларды кырсыктын кесепети менен жалгыз калтырган жок. “Маселелерди чечип келген, дагы да чечип келе жатат. Куру убадаларды бербейт, айтканын аткарат. Учурдагы президентибиздин жүргүзгөн саясаты өлкөгө стабилдүүлүк жана тынчтык алып келгенин көрүп жатабыз. Жолдор салынып жатат, жарык өчпөй калды. Биз бул башталган иштерди бекемдеп, уланта турган инсанды шайлашыбыз керек. Чоң-Алай Сооронбай Жээнбековго добуш берет!”, - деп корутундады Абдилла Амитов.

Талапкер менен Чоң-Алайдагы жолугушууга 5 миңден ашуун адам катышты.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к. 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 18.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий