• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чоң-Арык айылында тоодон кулаган жаран ооруканада каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Чоң-Арык айылында тоодон кулаган жаран ооруканада каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, Бишкектин түштүгүндөгү Чоң-Арык айылында 4 киши тоого эс алууга чыккан.

"Экөөсү тоодон кулап кеткен. Министрликке маалымат болжол менен саат 02:00де (15-июль) келип түшкөн. Жерине жалпы 10 куткаруучу тартылган. Жабыркаган жарандарды тоодон алып түшүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркаган жарандын бири 18 жаштагы (2001-ж.т.) эркек киши ооруканада каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий