• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чоң Чүй каналына 11 жаштагы бала чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Аламүдүн районунда 11 жаштагы бала Чоң Чүй каналына чөгүп кетти.

ӨКМден кабарлашкандай, окуя тууралуу билдирүү 2-июнда келип түшкөн. Издөө иштери саат 16:29дан тарта түн бир оокумга чейин жүргүзүлгөн. Бирок бала 2 күндөн бери табыла элек. Издөө иштери уланууда.

Эске сала кетсек, бул акыркы 10 күндүн ичинде сууга чөккөн үчүнчү окуя. 26-майда Сокулук районунда көлмөгө 12 жаштагы бала түшүп кеткен. Ал эми 28-майда жети жаштагы бала Жалал-Абад облусунун Сокулук районундагы Көк-Арт дарыясына түшүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий