• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чоң Чүй каналына бир адам түшүп кетти – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Кечээ, 6-июнда калаадагы Чоң Чүй каналына бир адам түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен саат 11:48дер чамасында Абдрахманов көчөсүндөгү каналда болгон.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, саат 15:00гө чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок натыйжа болбогондуктан куткаруу иштери токтотулган.

“ИИМ кызматкерлери тарабынан адамдын сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалыматты тактоо иштери жүргүзүлүүдө”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий