• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 38 жаштагы жаран 10 күндөн бери табыла элек

Коом 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Бишкектеги Турусбеков көчөсүндө жайгашкан Чоң Чүй каналына 1980-жылкы П.А., аттуу жаран чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, издөө иштери 2018-жылдын 25-июнунан бери уланууда.

“Кечээ, 3-июлда куткаруучулар издөө иштерин улантышып, Турусбеков көчөсүнөн ЧЧКнын жээктеп Сокулуктун борборундагы ЧЧКна чейин издөө иштери жүргүзүшкөн. Саат 17:00дө издөө иштерин убактылуу токтотушкан, натыйжа болгон эмес”, - деп билдиришти ӨКМден.

Издөө иштерине жалпысынан 10 куткаруучу тартылган

Пикир

Оставить комментарий