• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чоң-Чүй каналына чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси 2 күндөн кийин табылды

Кырсык 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылындагы Чоң Чүй каналына 1985-жылы туулган А. Ж. аттуу жаран чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

“5-июль күнү издөө иштерине КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан (КДМБ) 13 куткаруучу тартылып, бирок натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 6-июлда сууга чөккөн жарандын жансыз денеси саат 14:35де табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий