• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 44 жаштагы жарандын сөөгү табылды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 25.07.20. /Кабар/. Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 44 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына 1976-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен.

24-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында саат 10:30да Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 2 куткаруучу жана Суучулдар кызматынан 2 суучул тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында Совхоз-Фрунзе айылында маркумдун сөөгү суудан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий