• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чоң Чүй каналына жеңил унаа түшүп кеткен

Коом 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Аламүдүн районунун Мыкан айылында Чоң Чүй каналына "Honda Inspire" жеңил унаасы түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, куткаруучулар унааны суудан алып чыкканда ичинде киши болгон эмес.

Белгилүү болгондой, унаанын айдоочусун милиция кызматкерлери алып кеткен.

Окуядан жабыркагандар болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий