• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чоң Чүй каналынан аял кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 09.04.22. /Кабар/.Чоң Чүй каналынан аял кишинин сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 8-апрелде 102 кызматынан Кемин районуна караштуу Ак-Бекет айылында Чоң Чүй каналына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

ӨКМден жерине 6 куткаруучу тартылып, издөө-иштеринин натыйжасында Бообек жана Чым-Коргон айылдарынын кесилишинде каналдан 1987-жылы туулган С.Б. аттуу аялдын жансыз денеси табылган.

Куткаруучулар суудан аялдын сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий