• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Кечээ болжол менен саат 10:45те Кант шаарынын аймагында чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучулар маркумдун денесин суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Маалыматка ылайык, маркум азиялык түспөлдө, 35-40 жаштарда болгон.

Пикир

Оставить комментарий