• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чоң-Кемин өрөөнүндөгү ири өрт толугу менен өчүрүлдү - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 11.09.21. /Кабар/. Чоң-Кемин өрөөнүндөгү ири өрт толук өчүрүлдү. Бул туралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрь күнү Кемин районунун Көк-Ойрок айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылынын түштүк тарабында жайгашкан Кыргыз Ала-Тоосундагы Көк-Жар Борду коктуларында (Чоң-Кемин жаратылыш паркына тиешелүү) чыккан ири өрт 9-сентябрь күнү саат 17:50дө чектөөгө алынган.

«Бүгүн өрттү толук өчүрүүгө Кемин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ошондой эле жергиликтүү тургундардан болжол менен 12 жаран, анын ичинен 4 атчандардан, Токой чарба агенттигинен 20 кызматкер тартылып, өрттү толугу менен саат 18:45те өчүрүштү», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий