• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чоң-Кемин суусуна унаа түшүп кетип, эки адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районунда “ГАЗ-53” үлгүсүндөгү унаа көпүрөдөн өтүп бара жатып Чоң-Кемин суусуна кулап кеткен. Окуя кечээ, 21-ноябрда болжол менен саат 16:43төр чамасында катталган, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен жеринде 1977-78-жылы туулган эки жаран каза болгон. Учурда алардын өздүгү такталды.

Жерине барган ӨКМдин куткаруучулары унаада кыпчылып каза болгон жарандардын жансыз денесин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий