• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чоң жолдордо унаа тыгыны көп болууда. Кайгуул кызматы айдоочуларга кайрылат

Коом 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы чоң жолдордо эртели-кеч чоң унаа тыгындары көп пайда болуп жаткандыгы байкалууда, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматы.

Ага байланыштуу, Милициянын кайгуул кызматы жол тыгындарын алдын алуу максатында айдоочуларга кайрылат.

"Борбор калаанын чоң жолдорунда жол тыгындары көп пайда болуп жаткандыгы байкалууда. Ал жол тыгындардын алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызматкерлери көчөлөрдүн кесилишинде кол менен жөнгө салып турууда. Бирок айдоочулар жол эрежесин толук кандуу сактабагандыктан жол тыгындары улам пайда болууда.

Алсак, жүргүнчү ташыган коомдук транспорттор жүргүнчүлөрдү алууда же түшүрүүдө жолдун экинчи тилкесинде токтоп алып, артындагы унааларга жол тыгындарын пайда кылууда. Ошондой эле коомдук унаалар аялдамага токтобостон ага жетпей же экинчи тилкеден жана бурулуштарга туура эмес токтоп жүргүнчү салгандыктан да жол тыгындары келип чыгууда.

Мындан сырткары, жол жээгинде убактылуу туура эмес токтоткон автоунаалар дагы жол тыгындарын пайда кылууга себепчи болууда.

Андыктан Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жана маршруттук унаалардын айдоочуларына жол эрежесин так сактоого чакырат. Эгерде маршруттук унаанын айдоочулары жол тыгындарын жаратып, жолдун туура эмес бөлүгүнөн жүргүнчүлөрдү салуу жана түшүрүү фактылары катталган учурда Кыргыз Республикасынын бузуулар кодексинин негизинде чара колдонулат".

Пикир

Оставить комментарий