• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чодуев: Айыл чарба министрлигинде күнү-түнү түз байланыш номери иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде күнү-түнү түз байланыш номери иштеп жатат. Жарандар 0701 88 10 08 номери аркылуу министрликке кайрыла алышат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, күнүнө дыйкандардан 150гө жакын чалуулар болууда.

"Министрликке айыл чарба техникаларынын тетиктери, жер семирткич жана үрөндөр боюнча чалуулар болуп жатат. Биз ар бирине жооп берип жатабыз. Ошондой эле министрлик коменданттар менен бирге жазгы талаа иштерине тоскоолдук жаралбасы үчүн бирге иштеп жатат. Посттордо эч кандай чектөө болбошу керек. Бул боюнча коменданттын да буйругу чыккан", - дейт Чодуев.

Ал кошумчалагандай, фермерлер жазгы талаа иштерин өз убагында бүтүрүп алыш үчүн, бардык облустар боюнча координаторлор, ошондой эле комендатура менен кызматташкан министрликтин алдында атайын штаб бар.

Пикир

Оставить комментарий