• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чодуев айыл чарба министри кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.10.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Чодуев Эркинбек Урайымовичтин кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынып, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Пикир

Оставить комментарий