• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чодуев: Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча чоң көйгөй жок

Коом 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча чоң көйгөй жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, учурда жазгы талаа жумуштары өз нугу менен жүрүп жатат.

"Бардык облустарда графиктен алдын бир топ жумуштарды аткарууга үлгүрүүдөбүз. Азык-түлүк коопсуздугу учурдагы эң чоң маселелердин бири болууда. Ага байланыштуу азык-түлүк коопсуздугу боюнча чоң маселелер жок экендигин расмий түрдө билдирем. Өлкөдө 11 социалдык маанилүү продуктулар боюнча бүгүнкү күндө чоң көйгөй жок", - деп баса белгиледи ал.

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров кошумчалагандай, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн айрым түрлөрүнө өкмөттүн чечимине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасы кирген.

"Азык-түлүктүн 11 түрүнө чекене сатуудагы максималдуу баалар бекитилген. Алардын аткарылышы боюнча биздин агенттик тарабынан Салык кызматынын жана Каржы полициясынын кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Коюлган баалардын өз чегинде сакталышын көзөмөлдөп жатабыз", - деп кошумчалады Сабиров.

Пикир

Оставить комментарий