• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чодуев: Кыргызстанда буудайдын 62 пайызы орулуп бүттү

Коом 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда буудайдын 62 пайызы орулуп бүттү. Бул тууралуу онлайн брифингдин жүрүшүндө айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, быйыл 2019-жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк бир топ жакшы болгон.

"Учурда дыйкандар өстүргөн техникалык өсүмдүктөрдү өз убагында жана коромжосуз жыйнап алуу милдети турат. 247,5 миң гектар жерге буудай себилген, бүгүнкү күндө буудайдын 62 пайызы орулуп бүттү. Былтыр республика боюнча 601 миң тонна бункердик салмакта буудай өстүрсөк, быйыл 28 ц/га айланып, жакшы шарттар түзүлгөндүгүн көрүп жатабыз. Бул биздин дыйкандардын жакшы жетишкендиги", - дейт Чодуев.

Министр быйыл буудайды 680 миң тоннага чейин жыйнап алуу милдети тургандыгын кошумчалады.

"Түштүк аймакта, Талас жана Чүй облустарында 68-80%га чейин жыйналып бүттү. Эми Ысык-Көл, Нарын облустарында буудайды оруп-жыйноо иштери жүргүзүлөт. Бул облустарда да түшүмдүүлүк жакшы болот деген ишеничтебиз ", - деп билдирди министр.

Пикир

Оставить комментарий