• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чокморовдун 80 жылдыгына карата өлкө боюнча кино кербен өтөт

Маданият 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата өлкө боюнча кино кербен уюштурулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Кино кербендин ачылышы Таласта 20-21-июнь күнү болуп өтөт. Анда Сүймөнкул Чокморов тартылган тасмалар – Болот Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" жана Төлөмүш Океевдин "Улан" аттуу тасмалары көрсөтүлөт.

Кино кербен өлкө боюнча өтүп, 9-ноябрь күнү Бишкекте аяктайт.

Белгилей кетсек, Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Ал "Жамийла", "Кызыл алма", "Караш-Караш окуясы", "Улан" ж.б. тасмаларында роль жараткан.

Пикир

Оставить комментарий