• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Чолпон-Ата шаарында Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өтүп жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сессияга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын дипломатиялык жана аскер эксперттери катышууда.

"Быйыл Биргелешкен көзөмөлдөө тобу өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгын белгилейт. БКТга мүчө-мамлекеттердин делегациялары "Москва" жана "Шанхай" макулдашууларынын талаптарын аткаруу маселелерин, ошондой эле уюмдун географиялык чегинде биринчи жарым жылдыктагы инспекциялык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын карап чыгышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий