• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында 2020-жылдын 3-ноябрынан 8-ноябрына чейин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча президенттин кубогунун мелдеши өтөт.

Сыйлыктар Жогорку жана I лиганын командаларынын арасында ойнотулат. Мелдеште ат чабыш, эр эңиш, салбуурун боюнча таймаштар дагы өткөрүлөт.

Спорттук иш-чара Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Көк бөрү, Эр эңиш, Салбуурун жана Аргымак федерациялары менен биргеликте өткөрүлүп жатат.

Мелдештердин программасы:

3-7-ноябрь – көк бөрү боюнч турнирдин алдын ала беттешүүлөрү;

7-ноябрь – көк бөрү боюнча 3-орун үчүн мелдеш, эр эңиш, салбуурун боюнча мелдештер;

8-ноябрь – көк бөрү боюнча финалдык мелдештер, эр эңиш, салбуурун, ат чабыш боюнча мелдештер.

Пикир

Оставить комментарий