• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Чолпон-Ата шаарында күндүзгү медициналык стационардык борборлор даярдалууда

Аймак 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында күндүзгү медициналык стационардык борборлор даярдалууда. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарынын аймагында жайгашкан Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн аянчасына үч чатыр тигилүүдө.

"Аталган аймакта күндүзгү стационардык дарылоого ылайыкташтырылган 15 орундук даярдалууда. Стационардык борбордук даярдоо иштерине министрликтин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан 10 куткаруучу жана бир даана техника тартылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ӨКМ тарабынан Чүй , Ысык-Көл облустарында жана Жалал-Абад шаарында күндүзгү медициналык стационардык борборлор даярдалды.

Пикир

Оставить комментарий