• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чолпон-Атада 14 өлкөнүн өкүлү катышкан VIII Эл аралык суучулдарды даярдоо тренинги башталды

Аймак 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-августта, Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Суучулдар кызматынын машыгуу базасында Эл аралык Жарандык Коргоонуу уюмунун алкагында сууга түшүү боюнча кезектеги VIII Эл аралык тренингдин расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тренингге катышуу үчүн ЭЖКУга мүчө болгон 14 өлкөдөн 24 өкүл келди: Россия, Казакстан, Грузия, Армения, Сербия, Тунис, Египет, Ливан, Грузия, БАЭ, Палестина, Иордания, Бахрейн, Марокко жана Сауд Аравиясынан.

Тренингдердин максаты - билим берүү жана тажрыйба алмашуу, ЭЖКУга мүчө мамлекеттердин куткаруу кызматтарынын ортосунда "сууга түшүү боюнча тренинг" тармагында туруктуу байланыш түзүү.

12 күндүк окуу программасынын алкагында сууга түшүү иштерин аткарууда коопсуздук жана эмгекти коргоо боюнча сабактарды өткөрүү, сууга түшүү жабдууларын эффективдүү колдонуу, ошондой эле 40 м тереңдикке чейин сууга чүмкөнүү пландаштырылган.

Эл аралык жарандык коргонуу уюму 1972-жылдан бери ишмердүүлүгүн алып барат. Бүгүнкү күндө ага дүйнөнүн 60 өлкөсү, мындан тышкары, 16 мамлекет байкоочу катары кирет.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2012-жылдан бери уюмдун мүчөсү болуп, бардык иш-чараларга активдүү катышат.

Пикир

Оставить комментарий