• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Эртең Чолпон-Атада «Run the Silk Road» эл аралык марафону старт алат

Спорт 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Үстүбүздөү жылдын 15-майында Чолпон-Ата шаарында ШКУнун «Run the Silk Road» Ысык-Көл 9 эл аралык марафону старт алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, марафон ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү жана калк арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өткөрүлөт.

Иш-чарага ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышат.

Жарыш 15-майда саат 8:00дө Чолпон-Атадагы ат майданында старт алат. Марафондун алкагында ар кандай аралыкка чуркоо пландаштырылууда: марафон 42 чакырым 195 метр, жарым марафон 21 км. 97 м., 10 км., 3 км., скандинавиялык басуу 3 км.

Белгилей кетсек, Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциациясынын (World Athletics) эрежелерине ылайык, бардык аралыктардагы расмий эл аралык марафондун трассасы марафон жана жарыштардын эл аралык ассоциациясы (AIMS) тарабынан сертификацияланган.

2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса, Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.

Кошумчалай кетсек, ШКУнун «Run the Silk Road» Ысык-Көл 9 эл аралык марафону эпидемиялык абалга байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Аталган иш-чара Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттук иш-чаралардын планына ылайык, 2020-жылдын 2-майында өткөрүү пландалган болчу.

Пикир

Оставить комментарий