• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чолпон-Атада Алмазбек Атамбаевдин акыркы жайкы маалымат жыйыны аяктады

Президент 0

Чолпон-Ата, 24-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Чолпон-Атада Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин акыркы жайкы маалымат жыйыны аяктады.

№2 мамлекеттик резиденцияда мамлекет башчысына 50дөн ашуун суроо берилип, маалымат жыйын 4 саатка созулду. 70тен ашык журналисттер жана саясий аналитиктер катышты.

ЖМК өкүлдөрүн саясатка байланыштуу – шайлоо, президенттиккке талапкерлер, экономика – Жогорку Нарын ГЭС каскадынын чех компниясы тарабынан курулушу, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу, ошондой эле, социалдык маселелер жана мамлекет башчысынын алдыдагы пландары, анын чыгармачылыгы тууралуу маселелер кызыктырды.

Жыйынтыгында Атамбаев кескин айткандары үчүн кечирим сурап, журналисттерди чындыкты гана жазууга, адамдарды ушак кылбоого чакырды.

“Мен көбүнесе кескин, эмоциялуу сүйлөп алып, кайра өкүнүп калам. Тилекке каршы, башка мамлекеттердин жетекчилери менен сүйлөшүүдө да мындай болгон. мен дайыма чын дилимден сүйлөйм. Мен чын жүрөктөн кечирим сурайм. Мен бир нерсени, биздин басма сөз мага колдоо көрсөткөнүн айта алам. Кызматтын алгачкы айларында мага маалыматтардын папкасын алып келишчү. Мен окуп, жаңылыктарды көрүп, көйгөйлөр тууралуу билип турдум. Кийин алардын үстүндө иштедик”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий