• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чолпон–Атада армрестлинг боюнча Азия чемпионаты башталды

Спорт 0

Бишкек, 8-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында орун алган “Газпром” дене-тарбия жана ден соолукту жакшыртуучу комплексинде армрестлинг боюнча Азия чемпионаты башталды.

Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма-сөз кызматы билдиргендей, биринчи мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, кыздар жана ардагерлер чыкты. Биринчи күндүн жыйынтыгы менен бардык салмак боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, Азия чемпионатына 11 мамлекеттен келген 437 спортчу катышат. Алар: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Иран, Индия, Япония, Түштүк Корея, Монголия жана Пакистан.

Кыргызстандан бардыгы болуп 124 спортчу катышат. Оюндун ачылыш аземи бүгүн саат 19:00дө башталат. Аталган турнир Кыргызстанда жана Азияда армспортту кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий