• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чолпон-Атада Атамбаевдин маалымат жыйыны башталды

Президент 0

Чолпон-Ата, 24-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Чолпон-Атадагы №2 Мамлекеттик резиденцияда президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы жайкы маалымат жыйыны башталды.

Мамлекет башчысы ар жыл сайын жай мезгилинде журналисттер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берет.

Президент бүгүн, акыркы жайкы маалымат жыйын өткөрүп жатканын белгиледи. “Эгер ылайыгы келип калса кышында дагы 1-декабрдын алдында маалымат жыйын уюштурабыз”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Иш чарага 50 дөн ашык журналист, саясатчы жана эксперттер катышууда.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 2017-жылдын 1-декабрында аягына чыгат. Ал эми жаңы президентти шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий