• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чолпон-Атада баңгизат сактаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда баңгизат сактаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун милициясынан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун милициясы билдиргендей, аларга Чолпон-Ата шаарында "Нуке" деген аты бар бир жаран баңгизат сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Ал факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү боюнча каттоого алынган.

Бул ишке шектүүнүн өздүгү такталып, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Чолпон-Ата шаарынын 23 жаштагы Э.Э. аттуу тургуну болуп чыккан.

Анын үйүн тинтүү учурунда кара куурайдын жыты бар зат табылган. Анын салмагы 295 грамм болгон.

Экспертиза көрсөткөндөй табылган зат марихуана (көкнаар) болуп чыккан.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий