• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Чолпон-Атада балчыга 1,5 млн сом пайызсыз насыя берилди

Аймак 0

Бишкек, 27.09.22. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарынын тургуну бал челек кармап, ишкерлик кылып келет. Ал 2022-жылы бал челектерин көбөйтүү максатында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна долбоор менен кайрылган.

Ведомстводон билдиришкендей, фонддун байкоочу кенеши долбоорду жактырып, 1​ млн 500​ миң сом пайызсыз насыя берүү чечимин чыгарган.

Ишкердин айтымында, бал чарбасы кирешелүү тармактардын бири. ​ Чарбада учурда 4 туруктуу жумушчу иштейт.

Пикир

Оставить комментарий