• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чолпон-Атада дайынсыз жоголгон 9 жаштагы баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Ысык-Көлдө ата-энеси дайынсыз жоголгон уулун издеп жатышкан. Көп өтпөй уулунун сөөгү табылды. Мындай маалыматты “Кабар” агенттигине облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга эки адам дайынсыз жоголуп кеткен 9 жаштагы уулун табууну суранып кайрылышкан. Ата-энесинин айтымында, бала аутизмден жабыркаган.

“5 сааттан соң Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлдүн жээгинен баланын сөөгү табылган. Аны тумчуктуруп өлтүрүшкөндүгү тууралуу дагы версия бар. Баланын моюну тор кап менен оролгон”, - деп билдиришти ИИБден.

Учурда ишти иликтөө жүрүүдө. Сөөктү соттук медициналык экспертизага жөнөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий