• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чолпон-Атада ЕӨАКнын кезектеги жыйыны кеңейтилген форматта өтүүдө

ЕАЭБ 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 20-августта, Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги (ЕӨАК) жыйыны кеңейтилген форматта өтүүдө.

Иш-чарага Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда.

Ошондой эле жыйынга байкоочу катары Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышып жатат.

Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Белгилей кетсек, 19-августта жыйындын катышуучулары тар форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий