• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чолпон-Атада экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча атайын жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек. 22.03.19 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы "Ысык-Көл" кинотеатрында өлкөдөгү диний кырдаал талкууланып, экстремизмге, терроризмге каршы туруу жана алдын алуу боюнча атайын жыйын өттү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Отурумга Ысык-Көл районунун акими Иманалиев Данир Белекович, Ысык-Көл РИИБнүн башчысы Нургазы Увалиев, Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын өкүлдөрү, мектеп директорлору жана мугалимдери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүүнү күчөтүү, ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасындагы болуп жаткан талап-тоноочулук, суицид, адеп-ахлак, тарбия маселелери каралып, жергиликтүү тургундарга атайын иш-чараларды жетишээрлик деңгээлде уюштуруу туурасындагы маселелер каралды.

Пикир

Оставить комментарий