• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чолпон-Атада эл аралык Ысык-Көл спорт оюндары аяктады

Коом 0

Бишкек, 13.09.17. /Тумара Туратбекова– Кабар/. Чолпон-Ата шаарында 12-сентябрда “Азия-кызматташтык жана тынчтык облусу” ураанынын астында өткөн 17чи эл аралык Ысык-Көл спорт оюндары аягына чыкты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеште Кыргызстан, КМШ жана ШКУ өлкөрүнөн келген 1 миң 610 спортчу катышты.

Иш чара төмөнкү спорттун турлөрү боюнча өткөрүлдү: армрестлинг, баскетбол 3х3, волейбол, аркан тартыш, сууда сүзүү, футбол, жеңил атлетика, ж.б.

Ошондой эле “Ысык-Көл Баатыры” конкурсу боюнча “бука тартыш”, “оордуктарды ташуу” (100 кг салмактагы ташты көтөрүү), “күрөш” боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөр диплом, ардак грамота, медальдар менен сыйланышты.

Оюнду өткөрүү үчүн Мамагенттиги 3 млн сом бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий