• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чолпон-Атада эл аралык Ысык-Көл спорт оюндары старт алды

Спорт 0

Бишкек, 06.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Күн мурун Чолпон-Ата шаарындагы ден-соолукту чыңдоо комплексинде “Азия-кызматташтык жана тынчтык облусу” урааны менен 17чи эл аралык Ысык-Көл спорт оюндары башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

17чи эл аралык оюндарында бул жылы миңге жакын Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан келген спортчулар катышууда.

Ошондой эле “Ысык-Көл Баатыры” конкурсу боюнча төмөнкү спорттун түрлөрүнөн жарыш болот: “бука тартыш”, “оордуктарды ташуу” (100 кг салмактагы ташты көтөрүү), “күрөш”.

Ысык-Көл спорт оюндары 12-сентябрга чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий