• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чолпон-Атада эр эңиш боюнча финалдык беттештер өттү. Мелдештин жыйынтыктары

Спорт 0

Бишкек, 08.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-ноябрь күнү Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган ат оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча финалдык беттештер өттү.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдештерге Бишкек шаарынан жана Чүй, Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарынан келген 23 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн жана байгелүү орун ээлеринин тизмеси:

+ 90 кг:

1-орун – Кумушбек Кадыралиев, Талас облусу;

2-орун – Азатбек Каныбек уулу, Бишкек шаары;

3-орун – Фархад Камчыбеков, Чүй облусу.

90 кг:

1-орун – Амантур Мүнүр уулу, Талас облусу;

2-орун – Бекболсун Абдурасулов, Жалал-Абад облусу;

3-орун –Темирбек Ибрагимов, Чүй облусу.

80 кг:

1-орун – Калыбек Бузурманкул уулу, Чүй облусу;

2-орун – Бактыгул Райхан уулу, Нарын облусу;

3-орун – Барктабас Жыргалбек уулу, Бишкек шаары.

70 кг:

1-орун – Чолпонбай Темирбек уулу, Нарын облусу;

2-орун – Арзымат Джумадилов, Чүй облусу;

3-орун – Ишен Эрназаров, Жалал-Абад облусу.

60 кг:

1-орун – Жекшенбек Турдубеков, Нарын облусу;

2-орун – Алибек Шамилбеков, Бишкек шаары;

3-орун – Азамат Шакир уулу, Чүй облусу.

Белгилей кетсек, ат оюндары Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий