• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чолпон-Атада Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу) өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Кеңештин жыйынында Евразия экономикалык биримдигинде интеграциялык өз ара аракеттенүү, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында улуттук жөнгө салууну өнүктүрүү маселелери каралды.

Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттеринин жарандарынын айдоочу катары эмгек ишмердүүлүгүн тоскоолдуксуз жүргүзүүсү, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарын бөлүштүрүү ченемдерин аныктоо, Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногунда тоскоолдуктарды четтетүү, евразиялык интеграциялык долбоорлорду башкаруу механизмдерин өнүктүрүү, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында экономикалык ишмердүүлүк субъекттерин транс чек аралык идентификациялоо тутумун түзүү, дүйнөлүк интеграциялык бирикмелердин алкагында улуттук компанияларды түзүү маселелерине жана «евразиялык компанияларды» түзүү жана «ЕАЭБ Контрагент» Санариптик сервис» долбоорун ишке ашыруу боюнча ыкмаларга өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бажылык-тарифтик жөнгө салуу, анын ичинде жарандык жүргүнчүлүк учактардын айрым түрлөрүнө карата тарифтик жеңилдик берүү, алардын комплекстик жана запастык бөлүктөрүн техникалык жабдуу, ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу түрлөрүнө дал келген инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ташылып келген сырьелор жана материалдар тууралуу маселелер каралды.

Ошондой эле эсепке алуу тутуму жана буга чейин Бирдиктүү бажы тарифинен айырмаланган үстөктөрдү колдонуу менен, ташуу үчүн кошумча бажы алымдарсыз Казакстандын аймагына ташылган товарларды Казакстан Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун алдын алуу боюнча мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуунун, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин тапшырмаларын аткаруунун жыйынтыктары угулду.

Жалпысынан Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин бул жыйынында 40 маселе каралды.

Пикир

Оставить комментарий