• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны аяктады

ЕАЭБ 0

Чолпон-Ата, 25.08.22. /Кабар/. Чолпон-Атада КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады.

КР министрлер кабинетинин башчысы өз сөзүндө көтөрүлгөн бардык маселелердин маанилүүлүгүн белгиледи.

“Кол коюлган келишимдер интеграциянын бардык катышуучуларына жемиштүү жыйынтык алып келет деп ишенем”, - деди ал.

Эскерте кетсек, 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда интеграциялык биримдиктин алкагында бир катар актуалдуу маселелер каралды.

Жалпысынан күн тартибинде 9 маселе болгон, анын жетөөсү тар курамда, ал эми экөөсү кеңейтилген курамда каралды.

Кол коюлган документтердин толук тизмеги кийинчерээк жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий