• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны өтүүдө

ЕАЭБ 0

Чолпон-Ата, 19.08.21. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны өтүүдө. Иш-чара мамлекеттик №2 резиденцияда өтүп жатат.

Саламдашуу жана салтка айланган сүрөткө түшүүдөн соң жыйын тар форматта башталды.

Иш-чарага Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда.

Ошондой эле жыйынга байкоочу катары Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышып жатат.

Өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдарын карашат.

Мындан тышкары, шайкештикти баалоо чөйрөсүндө аккредитациялоо боюнча Евразия аймактык уюмун түзүү маселеси жана күн тартибиндеги башка бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Пикир

Оставить комментарий