• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Чолпон-Атада "Европа Биримдиги – Борбордук Азия" экинчи саммити өттү

Саясат 0

Бишкек, 03.06.23./Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусу аяктады.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов катышты.

Өз ара саламдашуудан жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин, бардык өлкө лидерлери, БА делегация башчылары жана Европа Кеңешинин президенти сөз сүйлөштү.

Делегация башчылары региондун актуалдуу маселелерин, регионалдык интеграцияны, Европа Бирлиги менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү, ошондой эле бардык багыттар боюнча, анын ичинде ЕБ менен мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнү активдештирүү боюнча аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгилешти.

Борбор Азия памлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусунун жыйынтыгында биргелешкен пресс-коммюнике кабыл алынды.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун атынан расмий кабыл алуу менен аяктады.

Эскерте кетсек, 3-июнда Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий