• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чолпон-Атада ITF эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке өтүп жатат

Аймак 0


Бишкек, 15.05.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Рух Ордо» маданий борборунун аймагында «Issyk-Kul ITF» эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке өтүп жатат.

Иш-чараны КР президенти Садыр Жапаров ачты.

Дүйнөлүк этно оюндар конференциясы долбоорунун жетекчиси Айнура Темирбекова белгилегендей, иш-чаранын максаты туристтик уюмдар ортосунда ишкер байланышты түзүү, кооз жайларды, туристтик продуктыларды жайылтуу, этно-эко туризм шарттары менен жарандарды тааныштыруу болуп саналат.

"Быйылкы көргөзмөнүн негизги темасы - Кыргызстанды экологиялык жана этно туризмдин өлкөсү катары жайылтуу жана өнүктүрүү", - деди ал.

Мындан тышкары Темирбекова өткөн жылы COVID-19 пандемиясынын кесепетинен Кыргызстандын туристтик тармагына оор болгонун белгиледи.

“Болжолдуу маалыматтар боюнча тармак чет өлкөлүктөрдүн эсебинен түшүүчү кирешенин 30%дан 50%га чейин жоготту. Көптөгөн уюмдар иш багытын өзгөртүүгө дуушар болушса, айрымдары жабылды. Обочолонуу режимин жеңилдетүү боюнча биринчи иш-чаралар башталганда, көптөгөн өлкөлөрдүн өкмөттөрү ички туризмди өнүктүрүүгө бардык күчүн жумшай башташты. Кыргызстанда ошондой эле жергиликтүү тургундардын ички туризмге болгон кызыгуу деңгээлин жогорулатуу жана экологиялык жана этникалык туризмге өзгөчө басым жасоо менен аттракциондордун потенциалын көбүрөөк ачуу зарыл”,-деди ал.

Анын маалымат боюнча көргөзмөгө 110 компания, анын ичинде турагенттиктердин жетекчилери жана адистери, чет өлкөлүк инвесторлор, туристтик индустриянын эксперттери, ЖМК өкүлдөрү, андан тышкары пансионаттардын, эс алуу үйлөрдүн, мейманканалардын, авиакомпаниялардын өкүлдөрү, чет өлкөлүк коноктор жана өнөктөштөр катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий