• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чолпон-Атада көчмөндөрдүн эрежесиз эр мушташы өтөт

Спорт 0

Бишкек, 7-август /Анархан Алтымышова- Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Атадагы ипподромдо 19-августта саат 17:00дө масштабдуу эл аралык “Nomad Fights” эрежесиз эр мушташ боюнча турнир болуп өтөт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине спорттук таймаштын уюштуруучуларынын бири Мирлан Жукеев билдирди.

Анын айтымында, турнирде Россия, Казакстан, Тажикстан, Афганистан, Өзбекстан жана Кыргызстандын белгилүү спортчулары беттешет. Турнирдин башкы таймашында Кыргызстандык “Тайсон” Канат Келдибеков мушташат. Уюштуруучулары - Кыргызстандын “ММА” академиясы менен “NOMAD FIGHTS” промоутердик компаниясы.

Өлкөдөгү алдыңкы спорттук таймашка кирүү билеттерин “Манас”, “Кыргыз киносу” кинотеатрларынан алсаңыздар болот. Байланыш үчүн телефондор 0556 455 775, 0708 72 07 49.

Пикир

Оставить комментарий