• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Чолпон-Атада көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 22-августтан 31-августка чейин, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында болот.

Иш-чара өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлөт. Мелдештер Кыргызстандын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн клуб командалары арасында өткөрүлөт.

Мелдеш көк бөрү оюнун кеңири жайылтуу, андан ары өнүктүрүү, улуттук спортту жайылтуу жана эл аралык аренада достук мамилелерди чыңдоо максатында өткөрүлөт.

Мындан тышкары, 26-августтан 31-августка чейин Төлөйкөн ат майданында (Ош облусу) көк бөрү боюнча мелдеш өтөт.

Спорттук иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы Көк бөрү федерациясы менен биргеликте уюштурулууда.

Эске салсак, көк бөрү боюнча президенттин кубогу жыл сайын өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий