• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чолпон-Атада көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды

Спорт 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Нооруз майрамына карата өтүп жаткан ат оюнуна көк бөрү боюнча Жогорку лиганын командалары катышууда. Жогорку лигада өлкөнүн бардык аймактарынан жалпы 6 команда күч сынашат.

Бүгүнкү оюндун жыйынтыгы:

Сары-Өзөн (Чүй облусу) – Жаш күч (Баткен облусу), 11:6;

Достук (Ош облусу) – Ала-Тоо (Ош шаары), 7:2.

Белгилей кетсек, көк бөрүдөн сырткары эр эңиш, салбуурун жана ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдештер өтөт. Мелдеш 16-марттан 21-мартка чейин өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий