• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чолпон-Атада көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты, - деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарынын ПМК кичирайонунда көп кабаттуу үйдөн өрт чыккандыгы туралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 11:45де чектөөгө алып, саат 12:27де толугу менен өчүрүлгөн.

Жалпысынан 20 чарчы метр чатыры жана батирдин балкону толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий