• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чолпон-Атада казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун бюсту ачылды. Иш-чарага Токаев катышты

Маданият 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы казак элинин жазуучусу Мухтар Ауэзовдун үй музейинин алдына анын бюсту ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КРнын экс-президенти Роза Отунбаева жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

Ачылыштын алкагында Казакстандын президенти ардактуу коноктордун кол тамгасы коюлучу китепке кол коюп, эки элдин достугун бекемдеген мындай саамалык үзгүлтүксүз улана турганын белгиледи.

Маалымат үчүн: Белгилүү жазуучу Мухтар Ауэзов 1959-жылдан 1961-жылга чейин музей катары иштеп жаткан бул үйдө иштеп, жашаган. 1970-жылы анын урпактары ал үйдү Чолпон-Ата шаарынын музейинин фондуна өткөрүп, анда Ауэзовго арналган музейди түзүү чечими кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө Мухтар Ауэзовдун үй-музейи шаардын маданий борбору болуп саналат, анда казак жана кыргыз элдеринин тарыхы, мурастары менен таанышууга болот. Мындан тышкары, үй-музейде кичи китепкана жана көргөзмө залы бар, анда жазуучунун жеке буюмдары коюлган.

Пикир

Оставить комментарий